Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү текстиль тармагында соода миссиясын уюштурууда

Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү текстиль тармагында соода миссиясын уюштурууда

Бугүн, 21-майда Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын Министрлер Кабинетине караштуу Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү агенттиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы текстиль тармагындагы өндүрүүчүлөр үчүн Өзбекстанга соода миссиясын уюштуруу маселеси талкууланды. Тараптар байердик программаларды өткөрүү, текстиль тармагындагы алдыңкы ишканаларга бизнес-экскурсияларды уюштуруу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда B2B форматындагы жолугушууларды өткөрүү боюнча пикир алышты.

Ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, ишканалар ортосунда түз байланыштарды түзүү жана текстиль продукциясын өндүрүү менен экспорттоодогу заманбап ыкмаларды өздөштүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, текстиль тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар