20-майдан тарта Бишкек шаарында “Салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап трансформациялоо” аттуу эл аралык тренинг өтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, төрт күнгө созулган окуу программасы кол өнөрчүлүктү эл аралык базарга алып чыгуу, заманбап технологияларды колдонуу жана маданий туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Тренингдин алкагында Түштүк Кореядан келген эксперттер салттуу өнөрдү заман талабына ылайык өнүктүрүү, санариптик маркетинг, E-commerce платформалары аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгуу жана бренд түзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Катышуучулар улуттук баалуулуктарды сактоо менен кол өнөрчүлүк продукцияларын заманбап форматта сунуштоо, онлайн сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык кардарларды тартуу боюнча билим алышууда.
Окутуунун жыйынтыгында 50 катышуучу ментор катары даярдалып, аймактардагы кол өнөрчүлөргө жаңы ыкмаларды үйрөтүп, тажрыйбаларын жайылтат. Тренинг “Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аркылуу маданий туризмди колдоо” долбоорунун алкагында уюштурулган.



