Башкы беткеКоомКыргызстанда айдоочуларды даярдоодо практикалык окутуу кыскартылды

Кыргызстанда айдоочуларды даярдоодо практикалык окутуу кыскартылды

Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында жаңы тартиптер киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылына уруксат берүү институту билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр практикалык окутуу сааттарын оптималдаштырууга багытталган. Тактап айтканда, В жана С категориялары боюнча практикалык сабактардын көлөмү 70 сааттан 30 саатка чейин кыскартылды. Ал эми башка категорияга кайра даярдоо курстары 16 саатты түзөт.

Институттун билдирүүсүндө, жаңы система убакытты үнөмдөө менен катар курсанттардын жоопкерчилигин жогорулатууга да басым жасайт. Практикалык сабактарга кирүү үчүн окуучулар аралык тестирлөөдөн өтүп, алгач жол кыймылынын эрежелери боюнча теориялык билимин толук тастыктоого тийиш.

Ошондой эле белгиленгендей, каалоочулар үчүн мурдагыдай стандарттык окуу программасы толук көлөмдө сакталат. Бардык практикалык сабактар коопсуз айдоо көндүмдөрүн калыптандырууга багытталат.

Адистердин айтымында, реформанын негизги максаты — сапаттуу даярдалган айдоочуларды чыгаруу жана жол коопсуздугун жогорулатуу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар