Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында өзүнүн иш күнү кандай өтөрүн айтып берди.
Анын айтымында, жумуш убактысынын негизги бөлүгү иш столунда өтүп, анда документтер каралып, инвестициялык долбоорлор жана шаарды өнүктүрүү пландары менен таанышат.
Ошол эле учурда мэрдин иши кабинет менен гана чектелбейт. Ал ар шейшемби жана бейшемби күндөрү шаардагы объекттерди жана жолдорду жеке кыдырып, жеринде текшерүү жүргүзөрүн белгиледи.
Айбек Жунушалиев бош убактысында мүмкүнчүлүк болсо жөө басууга же велосипед тебүүгө аракет кыларын да айтты. Анын сөзүнө караганда, шаарды кыдырып жүрүп, кемчиликтерди байкаса дароо тиешелүү кызматтарга тапшырма берип турат.



