Афганистандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жааган жамгырдан улам күтүүсүз сел жүрүп, кеминде 10 адам каза болду. Алардын арасында аялдар жана балдар бар экени маалымдалды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, сел бир нече райондорду каптап, 100дөн ашуун турак үйдү талкалаган. Ошондой эле миңдеген гектар айыл чарба жерлери суу алдында калып, аймактын экономикасына олуттуу зыян келтирген.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепеттери тууралуу Хедаятулла Хамдард билдирген.
Андан тышкары, шаршемби күнү кечинде Кандагар провинциясында катуу шамал болуп, анын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы алты адам жаракат алган.



