Башкы бетке∅Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан ЕАЭБ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан ЕАЭБ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров 29-майда Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Саммиттин расмий бөлүгү Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларын салтанаттуу тосуп алуу аземи менен башталды.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев катышуучу өлкөлөрдүн лидерлерин жеке өзү тосуп алды. Алардын катарында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Россиянын Президенти Владимир Путин, Беларус Президенти Александр Лукашенко, Армениянын Вице-премьери Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев бар.

Лидерлер салтанаттуу аземден кийин биргеликте сүрөткө түшүп, андан соң жыйындын тар курамдагы бөлүгүн өткөрүү үчүн расмий залга өтүштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар