Башкы беткеКоом1-июндан тартып жаңы жол көзөмөл системасы ишке кирет

1-июндан тартып жаңы жол көзөмөл системасы ишке кирет

Кыргызстанда 1-июндан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы программалык-аппараттык комплекстер толук кандуу ишке кирет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы система “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, ЖКККББнын алдындагы “Техникалык багыттагы борбор” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген.

Комплекс жол кыймылынын бир катар эрежелерин адам катышуусуз автоматтык түрдө каттайт. Алардын арасында:
— ылдамдык чегинен ашуу;
— коопсуздук курун тагынбоо;
— рулда уюлдук телефон колдонуу;
— каршы тилкеге чыгуу.

Тутум өлкө аймагында бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөнү белгиленди.

ЖКККББнын маалыматына караганда, жаңы технологиялардын максаты айдоочуларды жазалоо эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол кырсыктарын азайтуу жана адам өмүрүн сактоо болуп саналат.

Ведомстводон белгилешкендей, 2026-жылдын 1-июнунан тартып система бардык аймактарда ишке кирип, жол кыймылындагы тартипти жана ачык-айкындуулукту жогорулатат.

ЖКККББ бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана жолдо этият болууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар