Башкы беткеМинистрлер кабинетиКасымалиев кытайлык инвесторлор менен геологиялык долбоорлорду сүйлөштү

Касымалиев кытайлык инвесторлор менен геологиялык долбоорлорду сүйлөштү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Hunan Global South Industry” кытайлык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстанда геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Инвесторлор тоо-кен тармагына ири инвестиция салууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар мындан аркы кызматташууну Жаратылыш ресурстары министрлиги жана “Кыргызгеология” менен биргеликте улантууну макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар