2026-жылдын 4-июну. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия Федерациясынын аймактарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Алгач Данияр Амангелдиев Калининград облусунун губернатору Алексей Беспрозванных менен жолугушуп, агроөнөр жай комплекси, маданият, туризм жана өнөр жай тармактарындагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарапка үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда өтө турган Калининград облусунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу чакыруусу берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен Калининград облусун өнүктүрүү корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Вологда облусунун губернатору Георгий Филимонов менен жолугушту. Тараптар соода-экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашып, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында Вологда облусунун өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле Данияр Амангелдиев Саха Республикасынын (Якутия) башчысы Айсен Николаев менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Саха Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Өткөрүлгөн жолугушуулар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын аймактарынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.




