Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, өнөр жай, энергетика, айыл чарба, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Тараптар өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Ошондой эле билим берүү жана маданий байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган 20дан ашык документке кол коюлуп, бир катар эки тараптуу келишимдер кабыл алынды.



