Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 226 миллион сомду түздү. Жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч блоктон турган заманбап комплекстүү имарат катары курулган.
Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Анда кең жана жарык окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, лаборатория, азык-түлүк кампасы бар ашкана, жыйындар залы жана спорт зал жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3 220 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталып, белгиленген мөөнөттө аяктады. Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр болот.
Белгиленгендей, долбоор аймактагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.



