Башкы беткеКоомАлимент төлөбөгөндөр камалышы мүмкүн

Алимент төлөбөгөндөр камалышы мүмкүн

Кыргызстанда аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип, өлкө башчысы тарабынан кол коюлду. Жаңы мыйзам алимент төлөбөгөн жарандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү жана жеке сот аткаруучулар институтун киргизүүнү карайт.

Документке ылайык, алимент боюнча карыз үч айдан ашык топтолсо же бир жыл ичинде жалпы эсепте чогулса, мыйзам бузган жаранга үч суткага чейин административдик камак жазасы колдонулушу мүмкүн. Кайталанган учурларда камак мөөнөтү жети суткага чейин узартылат.

Ушундай эле жоопкерчилик эмгекке жарамдуу, бирок эмгекке жарамсыз ата-энесин багуудан качкан жарандарга да каралган. Ошол эле учурда карыз толугу менен төлөнгөн учурда жоопкерчиликтен бошотуу мүмкүнчүлүгү каралат.

Мындан тышкары, мыйзамда алиментти атайылап төлөбөй келгендер үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү да каралган. Айрым учурларда эркинен ажыратуу мөөнөтү үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Ошондой эле карыз толук жабылмайынча кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу сунушталбайт.

Жаңы өзгөртүүлөрдүн алкагында жеке сот аткаруучулар институту киргизилет. Алар сот чечимдерин аткаруу менен алектенет, бирок айрым категориялар — мамлекетке төлөмдөрдү өндүрүү, мүлктү конфискациялоо, жер тилкелерин алып коюу жана мажбурлап көчүрүү — мамлекеттик сот аткаруучулардын компетенциясында калат.

Ошондой эле “Милдеттенмелер реестри” түзүлүп, аткарылбаган соттук документтер тууралуу маалыматтар 10 жыл бою сакталары жана мамлекеттик органдар тарабынан онлайн режимде жеткиликтүү болору белгиленди.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, коомдук талкууга чыгарылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар