10-июнда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форуму жыйынтыкталып, анын алкагында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды.
Эки күнгө созулган форумга КМШ өлкөлөрүнүн илим, билим берүү жана маданият тармактарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, маданият, илим жана билим берүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, ошондой эле санариптик технологияларды кеңири колдонуу маселелерин талкуулашты.
Форумдун жыйынтыгында маданий мекемелердин ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү, театр, кино, музей, китепкана жана архив тармактарында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар кабыл алынды. Ошондой эле билим берүү системасын санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк маданиятка жана элдердин гуманитардык байланышын чыңдоого кошкон салымын өзгөчө белгилешти.



