Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 12-июнда жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Төмөнкү эки тараптуу документтер кол коюлду:
- Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Иракли Кобахидзе Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.
- Кыргызстан менен Грузиянын жетекчилеринин биргелешкен билдирүүсү.
- Авиация тармагындагы кызматташтык боюнча меморандум.
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
- Ветеринария жана мал чарбачылыгы боюнча кызматташтык меморандуму.
- Тышкы иштер министрликтеринин 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы.
- Радиациялык коргоо жана ядролук коопсуздук боюнча кызматташтык меморандуму.
- Билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча меморандум.
- Товарлар жана транспорт каражаттары боюнча алдын ала маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу.
- Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык меморандуму.
- Укуктук чөйрөдөгү кызматташтык жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.



