Министрлер Кабинети пилоттук режимде иштеп жаткан «Тунгуч» онлайн мектебинин функцияларын кеңейтти. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, «Тунгуч» эми окуучуларды республикалык жана эл аралык олимпиадаларга даярдоо үчүн тереңдетилген онлайн окутууну уюштурат. Мындан тышкары, мамлекеттик, расмий жана чет тилдер боюнча базалык, тереңдетилген жана интенсивдүү форматтагы онлайн курстар өткөрүлөт.
Ошондой эле мектептерде мугалимдер жетишсиз болгон учурда окуучулар «Тунгуч» аркылуу айрым сабактарды, курстарды жана билим берүү модулдарын онлайн окуй алышат. Бул окуулардын жыйынтыктары билим берүү тармагындагы мамлекеттик маалыматтык системаларга, анын ичинде «Күндөлүк» электрондук платформасына киргизилип, жалпы билим берүү уюмдары тарабынан таанылат.
Токтомго ылайык, онлайн мектеп окутуунун предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдерин өз алдынча колдонуу укугуна ээ болот. Ошондой эле олимпиадалык резервди даярдоо, интенсивдүү окууларды өткөрүү жана тил үйрөтүү боюнча атайын класстарды жана топторду түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Белгилей кетсек, «Тунгуч» онлайн мектеби 2025–2028-жылдар аралыгында пилоттук долбоор катары ишке ашырылып, заманбап санариптик технологиялар аркылуу сапаттуу билим берүүнү камсыздоого багытталган. Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.



