“Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026″нын Е тайпасында Германия курама командасы Кюрасаону 7:1 эсебинде жеңип, турнирдеги алгачкы оюнун ишенимдүү өткөрдү.
Хьюстон шаарында өткөн беттеште Германия эсепти эрте ачканы менен, Кюрасао 21-мүнөттө өз тарыхындагы дүйнө чемпионатындагы алгачкы голун киргизип, эсепти теңеген. Бул гол Ливано Комененсиянын соккусунан кийин немис коргоочусунун кокустук чабуулунан дарбазага кирген.
Бирок биринчи бөлүмдүн соңуна чейин Германия кайрадан демилгени өз колуна алып, Нико Шлоттербек менен Кай Хаверцтин голдорунун аркасында алдыга чыкты.
Экинчи бөлүмдө Жамал Мусиала, Натаниэль Браун жана Дениз Ундав дагы айырмаланып, эсеп 6:1ге жетти. Оюндун соңунда Кай Хаверц өзүнүн экинчи голун киргизип, беттешке чекит койду — 7:1.
Бул эсеп көпчүлүккө Германиянын 2014-жылдагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында Бразилияны дал ушундай эсеп менен уткан тарыхый жеңишин эске салды.
Белгилей кетсек, Германия дүйнө чемпионатын төрт жолу жеңген мамлекеттердин катарына кирет. Немис футболчулары 1954, 1974, 1990 жана 2014-жылдары дүйнө чемпиону болушкан.




