“Түндүк” мобилдик тиркемесинде жарандар үчүн “Шайлоочунун кабинети” аттуу жаңы санарип кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Жаңы кызмат аркылуу шайлоочулар онлайн форматта өздөрүнүн кайсы шайлоо участогуна катталганын текшерип, буга чейин берилген арыздарынын тарыхын жана шайлоо участогун өзгөртүү боюнча маалыматтарды көрө алышат.
Буга чейин “Шайлоочунун кабинети” өзүнчө веб-сайт катары иштеп келген. Эми жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын бардык мүмкүнчүлүктөрү “Түндүк” мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Натыйжада шайлоого байланыштуу маалыматтарды мамлекеттик бирдиктүү санарип платформа аркылуу тез жана оңой алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
БШКнын маалыматына ылайык, бул кызматты ишке киргизүү шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу багытындагы иштердин алкагында жүзөгө ашырылды.
Жаңы кызмат “Түндүк” тиркемесине авторизациядан өткөн колдонуучулар үчүн жеткиликтүү.



