Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШ менен Ирандын ортосунда жетишилген тынчтык келишимин кубаттап, жаңжалга катышкан бардык тараптарды аны толук жана ыкчам аткарууга чакырды.
Анын айтымында, Франциянын Эвиан шаарында өтө турган G7 саммитинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Ливанды колдоо, Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын калыбына келтирүү жана Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер талкууланат.
Макрон бул келишим бир катар өнөктөш мамлекеттердин катышуусунда жүргүзүлгөн дипломатиялык аракеттердин натыйжасы экенин белгилеп, Ормуз кысыгынын тез арада жана эч кандай шартсыз ачылышы дүйнөлүк экономика үчүн маанилүү экенин айтты.
Франция лидери ошондой эле Улуу Британия менен биргеликте түзүлгөн эл аралык миссия деңиз каттамдарынын коопсуздугун камсыздоого даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 14-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөнүн жарыялаган. Келишимдин алкагында Ормуз кысыгын кайра ачуу жана аймактагы чыңалууну азайтуу чаралары каралууда.



