Башкы беткеМинистрлер кабинетиТерминалдык стадиядагы бейтаптар ооруну басаңдатуучу дарылар менен акысыз камсыздалат

Терминалдык стадиядагы бейтаптар ооруну басаңдатуучу дарылар менен акысыз камсыздалат

Кыргызстандын Министрлер Кабинети паллиативдик жардам алып жаткан терминалдык стадиядагы бейтаптарды наркотикалык жана күчтүү ооруну басаңдатуучу дары-дармектер менен акысыз камсыздоонун тартибин бекитти.

Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 12-июнунда кол койгон.

Жаңы тартипке ылайык, айыккыс оорунун акыркы баскычындагы бейтаптар мамлекет тарабынан ооруну жеңилдетүү үчүн зарыл болгон дары-дармектер менен акысыз камсыздалат. Бул чечим паллиативдик жардамдын сапатын жогорулатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Долбоорду каржылоо Саламаттык сактоо министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул өзгөртүү оор дартка кабылган жарандардын медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана алардын азабын жеңилдетүүгө багытталган маанилүү социалдык чечим катары бааланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар