2026-жылдын 16-июлунан тартып «Asman Airlines» авиакомпаниясы Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча алгачкы түз сезондук авиакаттамды ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому билдирди.
Жаңы каттамдын ачылышы менен Баткен облусунун тургундары Ысык-Көлдүн жээгине болжол менен бир сааттын ичинде жете алышат. Бул өлкөнүн түштүк аймагынан эң популярдуу туристтик жайлардын бирине жетүүнү кыйла жеңилдетет.
Маалыматка ылайык, каттамдар ар жума сайын бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында аткарылат. Мындай график эс алууга чыккан жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Бир тарапка авиабилеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт. Билеттерди комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз авиакомпаниянын расмий сайты же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.



