Кыргызстандын Мамлекеттик китеп палатасында Кытайдын “Синьхуа” жана “Феникс-Чуиши” басмаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, китеп басып чыгаруу жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууда Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова мекеменин ишмердүүлүгү, өлкөдөгү басма тармагынын учурдагы абалы, милдеттүү нуска системасы, эл аралык стандарттык номерлөө (ISBN, ISSN, ISMN) багытындагы иштер жана улуттук документтик мурасты санариптештирүү боюнча маалымат берди.
Тараптар кыргыз жана кытай адабияттарын өз ара которуп басып чыгаруу, биргелешкен китеп долбоорлорун ишке ашыруу, басма продукциялары менен алмашуу жана кесиптик иш-чараларды уюштуруу багыттарында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кыргыз-кытай китеп тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.



