Аң-сезим жана айлана-чөйрөнү кабыл алуу жөндөмү узак убакыт бою адамга гана мүнөздүү касиет катары каралып келген. Бирок «Frontiers in Psychology» журналына жарыяланган жаңы илимий сереп бул түшүнүктү өзгөртүшү мүмкүн.
Нью-Йорк университетинин айлана-чөйрөнү изилдөө жана биоэтика боюнча профессору Жефф Себо өз эмгегинде аң-сезим жандуу жана жансыз дүйнөнүн көптөгөн түрлөрүндө болушу мүмкүн экенин билдирди.
Окумуштуу аң-сезим жаныбарларда гана эмес, өсүмдүктөрдө, козу карындарда, бактерияларда, Жасалма интеллектте (ЖИ) жана роботтордо да болушу ыктымал деген гипотезаны ортого салат.
Соңку изилдөөлөр шимпанзе, дельфин, сегиз аяк (осьминог), ал тургай айрым курт-кумурскалар да татаал ой жүгүртүүгө, эмоцияга жана пландаштырууга жөндөмдүү экенин көрсөттүүдө.
Бул маселе илимий изилдөөлөргө, айыл чарбасына, экологиялык саясатка жана Жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн этикалык эрежелерине түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн.



