Башкы беткеИлимGoogle жаңдоо тилин текстке которо турган жасалма интеллектти сунуштады

Google жаңдоо тилин текстке которо турган жасалма интеллектти сунуштады

Google компаниясынын DeepMind бөлүмү жаңдоо тилин реалдуу убакытта текстке которо алган жаңы жасалма интеллект технологиясын иштеп чыкты. Бул тууралуу компаниянын блогуна шилтеме берүү менен Казинформ маалымдады.

Жаңы технология Gboard жана Live Transcribe кызматтарына киргизилип, Pixel 11 смартфондорунда колдонулат. Анын жардамы менен колдонуучулар жаңдоо тили аркылуу текст жазып, интернеттен маалымат издеп, билдирүү жана документ даярдай алышат. Ошондой эле жасалма интеллект жардамчысы Gemini менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Live Transcribe кызматы аркылуу адам маектешине текст тербестен, жаңдоо тили менен жооп бере алат.

Азырынча технология америкалык жаңдоо тилин гана таанып, аны англис тилине которот. Компания келечекте башка жаңдоо тилдерин да кошууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, дүйнөдө дүлөй жана кулагы начар адамдар колдонгон 200дөн ашык жаңдоо тили бар. Алардын жалпы колдонуучулары 70 миллионго жакын. Буга чейин жасалма интеллектти өнүктүрүүдө негизги көңүл оозеки сүйлөөнү таанууга бурулуп, жаңдоо тилдери бул багытта жетиштүү деңгээлде камтылган эмес.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар