Башкы беткеДүйнөАКШ Кытай товарларын кыйгап өткөрүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды...

АКШ Кытай товарларын кыйгап өткөрүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту

АКШнын президентинин администрациясы Кытайдан келген товарлар жогорку бажы төлөмдөрүн кыйгап өтүп, үчүнчү өлкөлөр аркылуу америкалык рынокко кириши мүмкүн болгон мамлекеттердин тизмесине Казакстан менен Өзбекстанды кошту. Бул тууралуу АКШнын Соода жана өндүрүш саясаты башкармалыгынын баяндамасында айтылат. Документте мыйзамсыз транзитке байланыштуу тобокелдиги жогору деп бааланган 40тан ашуун өлкө жана аймак көрсөтүлгөн.

Баяндамада Кытай товарлары башка мамлекеттерде кайра таңгакталып, маркировкасы өзгөртүлүп же ошол өлкөдө өндүрүлгөндөй көрсөтүлүп, АКШ рыногуна киргизилиши мүмкүн болгон схемалар сөз болот. Авторлор Казакстан менен Өзбекстанды экономикасы салыштырмалуу чакан, бирок арзан жумушчу күчү, эркин экономикалык зоналары, транспорттук инфраструктурасы жана бажы жол-жоболорунун өзгөчөлүктөрү мындай схемалар үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн болгон өлкөлөр катары белгилешкен.

Ошондой эле эки өлкө Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесиндеги маанилүү кургактык транспорттук түйүндөр катары көрсөтүлгөн. Жүк ташууда жана товарларды консолидациялоодо темир жол инфраструктурасынын ролу өзгөчө белгиленген.

Ошол эле учурда Казакстан менен Өзбекстандын тизмеге киргизилиши бул өлкөлөр АКШга экспорттоодо мыйзам бузуп жатат дегенди билдирбейт. Документте аларга автоматтык түрдө санкция же кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү каралбаганы да айтылат.

Вашингтон мындан ары импорттолгон товарлардын келип чыгышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү көздөөдө. Бажы төлөмдөрүн айланып өтүү фактыларын аныктоо үчүн товарлардын жеткирүү багыты, чыккан өлкөсү, компаниялардын өз ара байланышы жана иш жүзүндөгү өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү талданат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар