Башкы беткеДүйнөКыргызстандын жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз бара алышат

Кыргызстандын жарандары Кытайга 10 күнгө чейин визасыз бара алышат

Кыргызстандын жарандары 20-августтан тартып Кытайга 10 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип Кытайдын Мамлекеттик миграция башкармалыгынын маалыматына таянуу менен билдирди.

Визасыз режимдин негизги шарты — Кытайдан үчүнчү өлкө аркылуу Кыргызстанга кайтып келүүнү тастыктаган авиабилеттин болушу.

Мисалы, жаран Шанхайдан Алматы аркылуу Бишкекке же Пекинден Ташкент аркылуу Ошко кайта турган билетке ээ болушу керек.

Мындан тышкары, кыргызстандыктарга Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берилди. Бул учурда жарандар виза алуу үчүн документ топтоп, консулдукка кайрылуудан жана визалык төлөмдөрдөн бошотулат.

Белгилей кетсек, визасыз режимди Кытай Кыргызстанга бир тараптуу киргизүүдө. Ал эми Кытай жарандарынын Кыргызстанга кирүүсү үчүн азырынча мурдагыдай эле виза талап кылынат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар