Башкы беткеДүйнөКазахстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казахстанда Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23-августта өткөн Курултайга шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

ЦИКтин маалыматына ылайык, 12 623 289 шайлоо бюллетенинин 9 351 539у шайлоочуларга берилген. Шайлоочулардын катышуусу 74,08% түздү.

Партиялар алган добуштар:

“Адилет” – 71,17% же 6 528 948 добуш;

“Ауыл” – 6,26%;

Республика – 5,56%;

Ошентип, 5 пайыздык босогодон Казакстандын Элдик партиясы менен “Байтак” өтө алган жок. Демек, алдын ала жыйынтык боюнча бул эки партия Курултайда депутаттык мандат албайт.

Шайлоо Казакстанда жаңы Конституция кабыл алынып, парламенттин эки палаталуу түзүмүнөн бир палаталуу парламентке өтүү каралгандан кийин дайындалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар