Япониянын Хоккайдо префектурасынын Уракава шаарына жакын жерде магнитудасы 6,0 болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) маалымдады.
Жер титирөө 23-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:45тер чамасында болгон. Жер титирөөнүн очогу 41,8° түндүк кеңдикте жана 142,9° чыгыш узундукта, болжол менен 40 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Хоккайдо аймагында силкинүүнүн күчү Япониянын 7 баллдык сейсмикалык шкаласы боюнча 4 баллга чейин жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, цунами коркунучу жарыяланган жок.
Учурда жер титирөөдөн улам келтирилген зыян тууралуу маалыматтар такталууда.



