Башкы беткеДүйнөБУУ: Афганистанда жүздөгөн балдар ачкачылыкка кабылууда

БУУ: Афганистанда жүздөгөн балдар ачкачылыкка кабылууда

Афганистанда убакыт өткөн сайын тереңдеп жаткан азык-түлүк кризисинен улам бир миллионго чукул бала өмүргө коркунуч туудурган ачкачылыктан жабыркап жатат. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирди.
Адистердин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпысынан 3,7 миллион бала ачкачылыктын жана начар тамактануунун азабын тартууда.
 ЮНИСЕФтин Афганистандагы өкүлү Таджуддин Ойевале эгер чукул арада чара көрүлбөсө, оор абалда жаткан 1 миллион бала каза болуп калышы мүмкүн экенин эскертти.
Ооруканага түшкөн балдардын 40%га жакынын 6 айга чейинки ымыркайлар түзөт. Ал эми 2 жашка чейинки балдар оор абалда катталган учурлардын 80%ын түзүүдө. Сүйлөшүүлөрдө белгиленгендей, жыл башынан бери 500 миңден ашык бала ооруканага жаткырылган. Июль айында ооруканага түшкөндөрдүн саны мурунку жылдарга салыштырмалуу 30%га өскөн.
БУУ кырдаалды тез арада көзөмөлгө алуу үчүн эл аралык коомчулукту жардам көрсөтүүгө чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар