Башкы беткеИлимОшто окуучуларды ЖРТга акысыз даярдай турган борбор ачылды

Ошто окуучуларды ЖРТга акысыз даярдай турган борбор ачылды

Ош шаарында окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө жана предметтик олимпиадаларга акысыз даярдай турган жаңы борбор ачылды. Борбордо окуучулар жыл бою билим алып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга да шарт түзүлгөн.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакытбек Алматовдун айтымында, борборго 100 компьютер орнотулду. Бир учурда 100 окуучу даярдана алат.

Анын белгилешинче, ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүктөрү ар кандай болгондуктан, жеке окуу борборлорундагы даярдыкка акы төлөө бардык үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү эмес. Жаңы борбордо Ош шаарындагы бардык мектептердин окуучулары акысыз даярдыктан өтө алышат.

“Окуучу өз алдынча билим алып, интернеттен маалымат издеп, кошумча даярданууну кааласа, бул жерде ага да мүмкүнчүлүк түзүлгөн”, — деди Бакытбек Алматов.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы жеке окуу борборлорунда ЖРТга даярдануунун айлык акысы 5 миң сомдон башталып, айрым борборлордо 10 миң сомдон ашат.

Быйыл Ош шаарындагы бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ боюнча орточо көрсөткүчү төрт баллга өсүп, 131 баллды түзгөн. 200дөн жогору балл алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өткөн жылдагы 92ден быйыл 129га жеткен. Ошондой эле бир бүтүрүүчү “Алтын сертификатка” ээ болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар