Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 95ке жетти. Дагы 380 адам дайынсыз болууда. Алардын 291и чет элдик жарандар экени маалымдалды.
Кырсык 26-августта эртең менен өлкөнүн Кытай менен чектеш аймагында болгон. Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, бир катар аймактарды суу каптаган. Селдин кесепетинен турак жайлар, имараттар жана инфраструктуралык объектилер жабыркап, олуттуу кыйроолор катталган.
Кырсыктын кесепеттери тартылган видеолор социалдык тармактарга тарады.
Непалдын тышкы иштер министри Шишир Кханалдын айтымында, кырсыкка жер титирөө жана анын артынан болгон жер көчкү себеп болгон.



