Баткен облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.
Бул маселе Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында каралып, ага район-шаарлардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Жыйын өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында өттү.
Жыйында 31-августта өтө турган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле облуска келген коноктордун жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Маалыматка ылайык, майрамдык программага улуттук оюндар, көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар киргизилген.



