Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин кайра баштады.
Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар жаңы сессиянын календарлык планын бекитишет. Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин иши улантылат.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоону дайындоо маселеси парламентте 17-сентябрда каралары айтылган.



