Башкы беткеКөчмөндөр оюндарыМинкаб Төрагасы этношаарча менен таанышты

Минкаб Төрагасы этношаарча менен таанышты

Бүгүн, 2-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы этношаарча менен таанышты.

Ал этношаарчадагы улуттук тамак-аштардын түрлөрү менен таанышып, кыргыз элинин салттуу көчмөн ашканасына өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары, улуттук буюмдар жана кол өнөрчүлүк өнүмдөрү коюлган этно-базарды кыдырып, ата-бабалардан мурас болуп калган кол өнөрчүлүк салттары бүгүнкү күндө да уланып жаткандыгына күбө болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосу кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, салт-санаасын жана улуттук баалуулуктарын кеңири тааныткан ири этномаданий аянтчага айланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар