Непалда 26-августта орун алган катуу жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 1118 адамга жетти. Бул тууралуу шаршемби күнү өлкөнүн полиция кызматы кабарлады.
Соңку маалыматтарга караганда, дагы 4858 жаран дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Учурда кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.



