Башкы беткеДүйнөСтамбулда эки кеме кагышып, 10 деңизчи дайынсыз

Стамбулда эки кеме кагышып, 10 деңизчи дайынсыз

Түркиянын Мрамор деңизинде, Стамбул шаарына жакын аймакта эки соода кемеси сүзүшүп, натыйжада экипаждын 10 мүчөсү дайынсыз жоголду. Бул тууралуу шаршемби күнү Стамбул провинциясынын губернаторлугу маалымдады.
Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында Силиври районунун түштүк тарабында орун алган.
Коджаэлиден Измирге бараткан «Alsu» соода кемеси менен Искендерундан Карадениз Эрегли портун көздөй бараткан «Tugberk Imamoglu» кемеси кагылышкан.
Түрк бийлигинин билдирүүсүнө караганда, «Tugberk Imamoglu» кемеси жана анын бортундагы 10 киши менен байланыш үзүлгөн. Ал эми алгачкы баалоолор боюнча, «Alsu» кемеси олуттуу зыян тарткан эмес.
Учурда кырсык болгон аймакка Аскердик-деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү тартылып, издөө-куткаруу иштери кызуу жүрүп жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар