Кыргыз Республикасы төрагалык кылган быйылкы саммит Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келди. Тарыхый окуя. ШКУ башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны, “ШКУ плюс” жолугушуусу 1-сентябрда Бишкектеги “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс борборунда өттү. Президент Садыр Жапаров төрагалык кылган саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары, тагыраагы Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Россиянын, Беларустун, Ирандын президенттери, Кытайдын төрагасы жана Индия менен Пакистандын премьер-министрлери толугу менен катышты. “ШКУ плюс” жолугушуусуна уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынан сырткары өнөктөш жана байкоочу мамлекеттердин жетекчилери катышты.
2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан негиздеген уюмга кийин Индия, Пакистан, Иран жана Беларус кошулду. Уюмдун географиясы кеңейген сайын анын амбициясы да өзгөрдү. Алгач чек арадагы коопсуздук, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн уюм азыр экономика, энергетика, транспорт, технология маселелери талкууланган ири эл аралык аянтчага айланды. Үч жарым миллиард ашуун калкты жана 35 триллион доллар өлчөмүндөгү ички дүң продуктуну камтыган ШКУ соңку 25 жылда көп уюлдуу тартиптин ажырагыс элементтеринин бирине айланганын Бишкек саммити да бир ирет тастыктады. Чейрек кылым ичинде Уюмдун институттары бекемделди, укуктук негизи чыңалды, концептуалдык мазмуну байыды. Жалпыга таанымал жана ыкчам өнүккөн, көп тараптуу жана принциптери менен стратегиясы анык бирикмеге айланды. Уюмдун 2035-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы бар.
Аналитиктер баамдагандай, ШКУ регионалдык маселелерди чечкен уюм гана эмес, глобалдык күн тартибине конструктивдүү салым кошууга жөндөмдүү, таасирдүү уюмга айланууда. Саммит дүйнөдө чоң кызыгуу жаратты. Эл аралык медиа Борбордук Азиянын президенттери, өзөктүк куралга ээ төрт ири мамлекет – Россия, Кытай, Индия, Пакистан, азыр дүйнөнүн көңүл борборундагы Иран, Жакынкы Чыгыштагы маселелерде таа-сири арбын Түркия, динамикалуу өнүгүп жаткан Монголия, Азербайжандын жана Армениянын лидерлери дал ушу тапта Бишкекте кандай маселелерди талкуулады, буларды бириктирген орток кызыкчылыктар кайсы деген соболго көбүрөөк жооп издеди. Батыш медиасы ШКУнун дүйнөдө АКШ жана Батыш үстөмдүк кылган системага альтернатива боло алабы деген суроого басым жасады. Көбүрөөк жооп издеди. Ал эми Кытай медиасы болсо Бишкектеги жыйынды мындан да чоң процесстин бир бөлүгү катары көрсөттү. Global Times басылмасы Бишкекте Кытай, Россия, Индия, Иран, Пакистан жана Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин чогулушун эл аралык системанын түзүлүшүндө жүрүп жаткан өзгөрүүнүн саясий көрүнүшү катары баалады. Кытай медиасы Кыргызстан менен болгон мамилеге да өзүнчө басым жасады. Си Цзинпин кыргыз-кытай кызматташтыгы «алтын доорго» киргенин айтып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун кызматташтыктын негизги долбоорлорунун бири катары атады. Индия медиасы терроризмди биринчи орунга чыгарды. Маселен The Indian Express премьер-министри Нарендра Модинин терроризмди тышкы саясатта «стратегиялык актив» катары колдонууга жол берилбеши керек деген билдирүүсүн цитаталап, президент Путин менен жолугушуусун кенен сүрөттөдү. Түркиянын медиасы президент Режеп Тайип Эрдогандын ШКУну «жанып келе жаткан жылдыз» деп атаганын, Анкара ШКУ менен кызматташуусун бардык тармактарда тереңдетүүгө кызыкдар, Түркия жаңжалдарды диалог жана дипломатия аркылуу жөнгө салуу үчүн жоопкерчилик алууга жана тынчтык, коопсуздук, туруктуулук үчүн иштөөгө даяр деген билдирүүсүн кенен жайылтты. Түркиянын позициясы өзгөчө мааниге ээ, анткени ал НАТОго мүчө мамлекет.
Бишкек “ШКУ плюс” уюмдун БУУ жана өнөктөштөр менен жолугушуунун жаңы үлгүсү болду. “ШКУ плюс” жолугушуусуна уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары, өнөктөш жана байкоо-чу мамлекеттердин жетекчилеринен сырткары БУУнун баш катчысы катышты. Бириккен Улуттук Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү максатында эл аралык институттарды реформалоо, эл аралык келишимдер менен нормалардын зарылдыгын дал ушул жолугушууда билдирди. Баш катчы Euronews агенттигине берген интервьюсунда адамзатты түйшөлткөн ири проблемалар боюнча дүйнө лидерлерине кайрылып. ШКУнун Бишкектеги саммити чечим кабыл алууга жана дүйнөгө таасир этүүгө жарактуулар көбү ушул жерге чогулуп жаткандыктан кайрылып, чакыруу жасадым, мындай мүмкүнчүлүк сейрек кездешет деди.
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин соңунда транспорт жана логистика, санариптик саясат, энергетика, климат, биоартүрдүүлүк, маалыматтык коопсуздук жана жасалма интеллект сыяктуу ондогон тармактардагы кызматташууну камтыган 28 документке кол коюлду. 2026-2028-жылдарга маа-лыматтык коопсуздук планы, аймактык маалымат иштетүү жана жасалма интеллект борборлорун өнүктүрүү концепция-сы, 2030-жылга чейинки «жашыл технологиялар коридору» боюнча, наркотиктерге каршы күрөштүн программасы, ШКУнун айрым уюмдарынын жоболору жана башка документтер кабыл алынды. Коопсуздук жаатында ШКУнун коркунучтарга каршы универсалдык борборунун жана Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган документтер бекитилди. Бишкек декларациясында бүйүр кызыткан орток ШКУ банкын түзүүдө «прогресс» болгону белгиленди. Арийне, банкты негиздөөчү келишим, капиталы жана ишке кирүү мөөнөтү сымал маселелер биротоло чечиле электигинен улам уюмдун финансылык институту азырынча ачыла элек.
Бишкекте ШКУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуу топторго каршы борбору түзүлмөкчү. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымдагандай, аталган борбор үчүн керек болгон бардык инфраструктураны Кыргызстан даярдаган. Министр белгилегендей, бул борбор ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал чакырыктарга каршы туруу үчүн түзүлгөн универсалдуу институт катары иштемекчи.
Мааракелик саммитте дагы бир маанилүү документ кабыл алынып, ага ылайык ШКУнун Хартиясына уюмдун коопсуздук архитектурасын өнүктүрүүгө багытталган өзгөртүүлөр кирди.
Бишкек декларациясы
Саммитте башкы саясий документ – ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы кабыл алынды.
Бишкек декларациясына мүчө-мамлекеттер БУУнун Уставында белгиленген эл аралык укуктун жоболору менен принциптерин бекем сактоого чакыруу менен бирге, БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздуктун гаранты, адилет жана көп полярдуу дүйнөнү куруунун катары ролун чыңдоо зарылдыгын белгилешти. БУУнун жападан жалгыз глобалдык, легитимдүү жана универсалдык уюм экенин БУУнун штаб-квартирасы менен айрым мамлекеттер гана айтып, БУУ болбой калды, ага альтернатива керек деген үндөр чыгып турган шартта ШКУнун бул билдирүүсү чоң мааниге ээ.
Декларацияда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2027-2037-жылдарды тынчтыкты бекемдөөнүн он жылдыгы деп жарыяланышы келечек муундар алдында жоопкерчилик деп бааланды.
Эл аралык мамилелердин адилеттикке, өз ара сый-урматка, теңдикке негизделген жаңы тибин калыптандыруу зарыл деп эсептеп, ШКУ тагдыры бир адамзаттын тагдырын жалпы биримдигин түзүү идеясын жана “Бир Жер-Эне. Бир үй-бүлө. Бир келечек” идеясын колдой тургандыгы, ШКУ дүйнө коомчулугун Уюмдун “Адилет дүйнө, ынтымак жана тынчтык үчүн дүйнө биримдиги” демилгесин колдоого чакырары да көрсөтүлгөн.
Бишкек декларациясында космос мейкиндигин да ар кандай куралды колдонбоо, космосту бир гана тынчтык максатта колдонуу үчүн атайы эл аралык юридикалык документ кабыл алуу зарылдыгы белгиленген.
Уюм маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү тобокелчиликтер менен коркунучтарга да көңүл бөлүп, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды милитаристтик максатта колдонууга тыюу салууга, киберкылмыштуулукка каршы эл аралык конвенцияны кабыл алууга чакырат.
Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө эл аралык келишимди, Семипалатинскдеги келишимди колдоп, ШКУ тарабынан өзөктүк коопсуздуктун урматына көп тараптуу өнөктөштүк декларациясынын кабыл алынышын кубаттайт. Химиялык, бактериологиялык жана уулуу куралдарга тыюу салуу боюнча эл аралык конвенцияны бардык субъекттер тарабынан кынтыксыз аткаруу зарылдыгын эске салып, Бишкек декларациясында Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттикти түзүү сунушталган.
Соода-экономикалык кызматташтыкта электрондук коммерцияга да көңүл бөлүнүп, бул багытта инфраструктураларды жана эрежелерди ыңгайлаштыруу кубаттоого алынды.
Климаттык өзгөрүүлөр боюнча кызматташтык тууралуу Меморандумдун кабыл алынышы, биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча демилгени, бул багытта биргелешкен аракеттердин 2026-2031-жылдарга планынын кабыл алынышы Декларацияда баса көрсөтүлгөн. Айтмакчы, ШКУнун Бишкек декларациясында Кыргызстан демилгелеген жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Тоо саммитин мүчө мамлекеттер кубаттай тургандыгы айтылган.
ШКУнун мүчөлөрү жыйынтык документте Чолпон-Ата шаарын “ШКУнун 2026-жылдагы маданий жана туристтик борбору” деп жарыялоо ийгиликтүү жүзөгө ашып жатканын белгилешти. ШКУнун 2027-жылдагы маданий жана туристтик борбору деп Пакистандын Лахор шаары жарыяланды.
Бишкек декларациясында дүйнөлүк адабиятка жана маданиятка эбегейсиз салым кошкон эки улуу сүрөткердин элесине арналып, 2028-жылы Лев Толстойдун 200 жылдыгын, Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгын ШКУнун иш чараларынын алкагында белгилөө милдети да бекем айтылды. Дүйнөнү маданият бириктирет деген ураан ШКУ үчүн принципиалдуу маселе. ШКУ өлкөлөрүнүн жана уюмга өнөктөш мамлекеттердин башчылары Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунунун салтанаттуу ачылышына катышкан эле. Декларацияда оюндарга да жогору баа берилди. ШКУнун Бишкек декларациясында 2026-жылы күзүндө Индияда өтө турган Цивилизациялардын эл аралык диалог күнү колдоого ээ болду.
Алмаз Кулматов, тарыхчы



