Чолпон-Атадагы ат майданда көкпарын ойноп жаткан өзбекстандык спортчу жаракат алды. Окуя VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдеш учурунда болгон.
Маалыматка караганда, оюнчу ат чаап баратып, жерден улакты эңүүгө аракет кылган учурда кулап кеткен. Артынан келе жаткан аттын туягы башына тийип, спортчу жаракат алган.
Окуядан кийин калыстар оюнду токтотуп, ат майданга тез жардам унаасы кирген.
Чолпон-Атадагы көчмө бейтапкананын дарыгери Мирлан Кубанычбековдун айтымында, спортчунун башына аттын такасы тийген.
“Така тийген жер айрылган. Ал жерди тазалап, дарылап, тигип койдук. Азыр абалы жакшы. Эртең оюнду уланта берсе болот деп ойлойм”, — деди дарыгер.
