Башкы беткеИлим“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир берилет

“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир берилет

Бишкекте 23–25-сентябрда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарынын финалдык этабы өтөт.

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, финалга конкурстардын облустук жана шаардык этабынан тандалган 133 мугалим жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 28 педагогикалык кызматкери катышат.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагынын финалдык этабы үч турдан турат. Катышуучулар “Педагогикалык кырдаалдар”, “Мастер-класс” жана “Сабак” турларында күч сынашат.

Жалпы жыйынтык боюнча эң көп упай топтогон мугалим Гран-принин ээси болуп, батир менен сыйланат. Ошондой эле номинациялар боюнча жеңүүчүлөр Президенттин фондунан акчалай сыйлык алышат.

Ал эми “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагында тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи категориялары боюнча педагогдор ат салышат. Алар да үч турда — видеопрезентация, тесттик сынак жана санариптик көндүмдөрдү камтыган мастер-класста күч сынашат.

Конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 5-октябрда Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өтөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар