Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Татарстан кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Татарстан кызматташтыкты кеңейтет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Рустам Миннихановдун Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында келиши символдук мааниге ээ экенин белгиледи.

Ошондой эле ал 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даярдык көрүүдө Кыргызстан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ишкерлердин түз байланыштарын чыңдоо, өз ара ишкердик сапарларды улантуу жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери каралды.

Жолугушууда билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана спорт тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттардагы өз ара байланыштар эки элдин ортосундагы салттуу достук мамилелерди жана ишенимди мындан ары бекемдөөгө өбөлгө болору белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар