Башкы беткеДүйнөТажикстан эгемендигинин 35 жылдыгын белигилөөдө

Тажикстан эгемендигинин 35 жылдыгын белигилөөдө

Дүйшөмбү шаарындагы «Истиклол» аянтында Тажикстандын эгемендигинин 35 жылдыгына арналган аскердик парад өттү. Ага өлкө президенти Эмомали Рахмон катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, парадга жалпысынан 27 миң адам чыкты. Алардын арасында Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, мобилизациялык резервдеги аскерлер, аялдар жана ардагерлер бар.

Тажикстан эгемендүүлүк күнүн 9-сентябрда белгилейт. Мааракеге карата өлкөдө бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Парадга даярдык учурунда борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары да машыгууларга тартылган. Расмий маалымат боюнча, Дүйшөмбүдөгү даярдыктарга 9 миң студент катышкан.

Ошол эле учурда айрым студенттер машыгуулардын узактыгына, ысык абага жана шарттарга нааразы болушкан. Бийлик өкүлдөрү болсо мындай иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого багытталганын белгилешкен.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар