Башкы беткеИлимКыргыз-Герман окумуштуулары кызматташат

Кыргыз-Герман окумуштуулары кызматташат

Бүгүн Германиянын археология институту менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул боюнча Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Келишим Кыргызстандын байыркы тарыхын биргелешип, терең жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган. Анын алкагында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, тарыхый маалыматтарды илимий негизде талдоо жана эл аралык тажрыйбаны колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.

Адистердин белгилешинче, тарыхый гипотезаларды сөз жүзүндө гана эмес, археологиялык табылгалар, илимий ыкмалар жана так даталоо аркылуу текшерүү маанилүү.

Кыргызстандын аймагында байыркы тарыхка байланыштуу толук изилдене элек көптөгөн археологиялык эстеликтер жана табылгалар бар. Германиянын археология институту менен түзүлгөн жаңы кызматташтык бул багыттагы изилдөөлөрдү кеңейтүүгө жана өлкөнүн байыркы тарыхына байланыштуу жаңы илимий маалыматтарды ачууга өбөлгө түзөөрү айтылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар