Башкы беткеМаданиятМирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады

Мирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанда комуз күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады.

Ал куттуктоосунда комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхын, дүйнө таанымын, улуттук эс-тутумун жана руханий баалуулуктарын чагылдырган өзгөчө мурас экенин белгиледи.

«Комуз — жөн гана музыкалык аспап эмес. Ал — кыргыз элинин тарыхынын, дүйнө таанымынын, улуттук эс-тутумунун жана рухунун үнү», — деп айтылат министрдин куттуктоосунда.

Мирбек Мамбеталиев залкар комузчулар менен күүчүлөрдүн өнөрү бүгүнкү күнгө чейин уланып, кыргыз комузунун күүсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңырып жатканын белгиледи. Ошондой эле жаш комузчулардын чыгармачылыгы улуттук өнөрдү жаңы деңгээлге көтөрүп, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга салым кошуп жатканын айтты.

Министрдин айтымында, мамлекет тарабынан улуттук маданиятты жана руханий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана жаш муунга өткөрүп берүү иштери мындан ары да улантылат.

Ал жалпы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалап, «Комуздун күүсү кыргыз барда жаңыра берсин!» деген тилегин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар