Башкы беткеДүйнөУлуу Британияда эки күндө 1400дөн ашык авиакаттам токтотулду

Улуу Британияда эки күндө 1400дөн ашык авиакаттам токтотулду

Улуу Британияда эки күндүн ичинде 1400дөн ашык авиакаттам токтотулду. Бул тууралуу авиакаттамдарды көзөмөлдөөчү Flightradar24 кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү өлкө боюнча 1300гө жакын каттам токтотулган. Ал эми 9-сентябрда дагы 177 рейс токтотулду. Алардын басымдуу бөлүгү Лондондогу Хитроу аэропортуна туура келет.

Бир катар маалымат каражаттары каттамдардын токтотулушуна аба кыймылын башкаруучу NATS системасындагы техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун жазышты.

Учурда техникалык көйгөйдүн кесепетинен авиакаттамдардын графигинде олуттуу өзгөрүүлөр жаралып, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар