Кыргызстандын маданият жана искусство тармагына эмгек сиңирген бир катар белгилүү инсандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Мамлекеттик деңгээлде бааланган чыгармачыл инсандардын арасында театр жана кино актёрлору, режиссёрлор, музыканттар, композиторлор, акын-жазуучулар жана сүрөтчүлөр бар.
Алардын катарында Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын артисти Темирлан Сманбеков, театр жана кино актёру Болот Тентимишов, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын артисти Самидахан Халматов, режиссёр жана Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси Уланмырза Карыпбаев бар.
Ошондой эле Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру Боромбай Кулахматов, композитор жана опера-балет театрынын башкы директору Муратбек Бегалиев, акын Анатай Өмүрканов, филармониянын солисти Саламатхан Садыкова, сүрөтчү Сатар Айтиев, жазуучу жана киносценарист Жеңишгүл Өзбекова, акын жана Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаров сыйлыкка татыды.
Ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыровго мамлекеттик сыйлык көзү өткөндөн кийин ыйгарылды.
Мамлекеттик сыйлыктар чыгармачыл инсандардын кыргыз театрына, киносуна, музыкасына, адабиятына жана жалпы улуттук маданияттын өнүгүшүнө кошкон көп жылдык эмгегинин жогорку баасы катары белгиленди.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сыйлыкка ээ болгон өнөр адамдарына чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерди каалады.


