Башкы беткеМаданиятКореялык өнөрпоздор Таласта кыргызстандыктарга өнөрүн тартуулашты

Кореялык өнөрпоздор Таласта кыргызстандыктарга өнөрүн тартуулашты

Түштүк Кореянын Кванджу шаарынан келген маданият жана искусство өкүлдөрү Кыргызстанга бир жумалык иш сапары менен келип, өлкөнүн тарыхый жана маданий жайларын кыдырышты. 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей делегациянын курамында Кванджу маданий борборунун жетекчиси, Кванджу эл аралык фондунун директору Кан Хён Ми, фонддун менеджери Чхве Чжин Силь жана артисттер Хан Чон Мин, Кан Наруу, Ли Ин Гук, Ли Гон Су жана Со Хён Жун бар.

Иш сапардын жүрүшүндө кореялык чыгармачыл топ Кыргызстандын бир катар аймактарына барып, тарыхый жайлар, улуттук маданият жана өлкөнүн кооз жерлери менен таанышты. Коноктор кыргыз элинин тарыхына жана маданий мурастарына кызыгуу көрсөтүштү.

Ошондой эле алар Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, кореялык делегация кыргыз улуттук «Манас» театрына барып, анын ишмердүүлүгү жана чыгармачылык багыты менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Манас” театры менен Кванджу маданий борборунун ортосунда 2023-жылы кызматташтык келишими түзүлгөн. Анын алкагында чыгармачыл жамааттардын тажрыйба алмашуусу, маданий иш-чараларга биргелешип катышуу жана чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар