Башкы беткеМаданиятБишкекте II эл аралык UmutDoc кинофестивалы жыйынтыкталды

Бишкекте II эл аралык UmutDoc кинофестивалы жыйынтыкталды

Бишкекте II эл аралык UmutDoc документалдык кинофестивалы жыйынтыкталды. 10–14-сентябрь аралыгында өткөн фестивалга Кыргызстан жана бир катар чет өлкөлөрдөн кинорежиссёрлор, кино адистери, эл аралык эксперттер жана көрүүчүлөр катышты.

Быйылкы фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналды. Анын чыгармачылыгына арналган ретроспектива уюштурулуп, иш-чара «Нарынский дневник» тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталган.

Фестивалдын сынактык программасына Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу документалдык тасма кирди. Тасмалар көрсөтүлүп, алардын авторлору менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү.

UmutDoc Industry платформасында документалдык кино долбоорлорун өнүктүрүүгө багытталган питчинг, мастер-класстар жана кесиптик талкуулар уюштурулду. Катышуучулар DocsBarcelona, Cannes Docs, Berlin Film Residencies жана TRT World сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, тасмаларды эл аралык аудиторияга чыгаруу жана жайылтуу боюнча тажрыйба алышты.

Фестивалда быйыл биринчи жолу студенттик калыстар тобу да иштеп, сынактык тасмаларды баалоого катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар