Өткөн күнү, 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча Башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруанын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердигинин алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар алдын алуу дипломатиясын чыңдоо, тынчтык орнотуу миссияларынын реалдуу жана натыйжалуу мандаттарын калыптандыруу, БУУнун персоналынын коопсуздугун камсыз кылуу, жарандык калкты коргоо, ошондой эле тынчтык орнотуу операцияларынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашты.
Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык аскер кызматчыларынын БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышуусу талкууланды. Тараптар тынчтык орнотуучу персоналдын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүгүнүн алкагында белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруу боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.



