Башкы беткеМаданият"Мейкин" сыйлыгы 10 номинация боюнча тапшырылат

“Мейкин” сыйлыгы 10 номинация боюнча тапшырылат

“Мейкин” сыйлыгынын жобосу өзгөртүлүп, сыйлык тапшырыла турган номинациялардын саны 10го жетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Зарина Калмуратова билдирди.

Жаңыланган жобого ылайык, сынакта мыкты телерадио долбоор, интернет-долбоор, жылдын мыкты подкасты, YouTube-канал жана маалыматтык-мультимедиалык долбоор сыяктуу багыттар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Ар бир номинацияда бирден жеңүүчү тандалат.

Сынак 2027-жылы өтүп, жеңүүчүлөр Маалымат жана басма сөз күнүндө сыйланат. Конкурстук комиссия 11 адамдан турат. Сыйлык 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен медиа жана журналистика тармагында негизделген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар