«Кайсы гана илимде, искусстводо болбосун, эң мыкты мугалим — тажрыйба».
Мигель де Сервантес
Көп жылдар бою Нурбек Сатвалдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү иштеп жаткан КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын тажрыйбасы: эгемендүү мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары мамлекеттер аралык кызматташтыктын архитектурасына шайкеш келгенде гана жогорку деңгээлде корголорун далилдеп келет. Ыйгарым укуктуу өкүл баса белгилегендей, интеграциянын чыныгы күчү кабинеттик директиваларда эмес, институттардын элдер ортосундагы ишенимдүү көпүрө катары кызмат кылуу жөндөмүндө жатат.
Бишкектен Таврический сарайына чейин
XXI кылымдын евразиялык мейкиндигин кылымдардан берки байланыштар, экономикалык көз карандылык жана коопсуздуктун жалпы чакырыктары бириктирип турат. 1992-жылдын жазында КМШ ПАсын түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Ошол эле жылдын күзүндө Бишкек анын биринчи пленардык жыйынын кабыл алган. Республиканын Жогорку Советинин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун төрагалыгы алдында парламентарийлер уюштуруу документтерин бекитишип, стратегикалык чечим кабыл алышат. Ассамблеянын туруктуу штаб-квартирасы Санкт-Петербург шаары, Таврический сарайы болот.
Отуз жылдан ашык убакыттан кийин Бишкек менен Нева жээгинин ортосундагы бул символикалуу көпүрө ишенимдүү диалогдун башкы артериясына айланды. Кызматташтык протоколдук жолугушуулардын алкагынан эчак чыгып, чет өлкөдө эмгектенген жарандардын укуктарын коргоонун, мыйзам чыгаруу системаларын айкалыштыруунун, жаштарды тарбиялоонун жана маданий мурастарды сактоонун жумушчу механизмине айланды.
Кадрдык өзөк жана стратегиялык кайтып келүү
2026-жылдын 10-мартында Жогорку Кеңеш Нурбек Сатвалдиевдин талапкерлигин КМШ ПА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары — Кыргызстан парламентинин Ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат ордуна бекитти.
Нурбек Сатвалдиев Жогорку Кеңештеги эмгек жолун 2000-жылы баштап, аппараттык өсүштүн бардык баскычтарынан өткөн. Ал саясий илимдердин кандидаты, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана дипломатиялык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. Мындан сырткары, КМШ ПАнын Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүү жана жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышын мониторингдөө эл аралык институтунун (МИМРД) Бишкектеги филиалын жетектөө аны укуктук экспертиза жаатында олуттуу тажрыйбага ээ кылган. Тажрыйбалуу дипломаттын Таврический сарайына кайтып келиши тышкы саясий багыттын уланмалуулугун жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын ыкчам коргоону камсыз кылат.
Мыйзам чыгаруу камертону
КМШ ПАнын башкы жана көп талап кылынган продуктусу моделдик мыйзамдар. Ассамблея милдеттүү нормаларды таңуулабайт, бирок 10 туруктуу комиссиянын күчү менен эң жогорку эксперттик деңгээлдеги үлгүлөрдү калыптандырат.
КМШ ПА өз тарыхында 730дан ашык моделдик актыларды кабыл алган (жакынкы аралыкта алардын саны 750гө жетет). Алардын түзүмүндө: 200–300дөн ашык моделдик мыйзамдар;
40ка жакын моделдик кодекстер жана алардын бөлүмдөрү (анын ичинде Жарандык, Жаза-аткаруу/Кылмыш-жаза, Салык, Билим берүү); 70тен ашык сунуштамалар, концепциялар жана декларациялар бар.
Бул документтердин бардыгы катышуучу өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан даяр юридикалык база катары жигердүү колдонулат. Жогорку Кеңештин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул жерде укуктук фильтрдин милдетин аткарат. Сатвалдиев жана миссиянын эксперттери ар бир моделдик акт Кыргызстандын конституциялык эгемендүүлүгүн жана мекендештердин реалдуу муктаждыктарын эске алуусун камсыз кылышат.
Кыргыз парламентаризминин кадыр-баркынын таанылышынын туу чокусу — 2023-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына туш келген Бишкек шаарында өткөн КМШ ПАнын 56-күзгү сессиясы болду. «Ала-Арча» резиденциясында 34 жаңы моделдик мыйзам жактырылып, Бишкектин евразиялык консенсусту иштеп чыгуучу башкы борбор катары статусун бекемдеди.
ЖККУ форматындагы коопсуздук контурлары
ЖККУнун аскердик-саясий механизминин натыйжалуулугу союздаштардын укуктук базасынын шайкештигинен түздөн-түз көз каранды. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы Жамааттык коопсуздук кеңешинин эң жогорку деңгээлдеги ыкчам чечимдерин улуттук парламенттер тарабынан ратификациялоо менен байланыштырат. Бул болбосо тынчтыкты сактоочуларды тез арада жайгаштыруу, террордук уюмдардын тизмесин унификациялоо жана коргонуу-өнөр жай комплексин координациялоо мүмкүн эмес. ЖККУ ПАсындагы Жогорку Кеңештин Ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев негизги демилгени ырааттуу түрдө коргоп келет
Аракеттеги тилектештик
Санкт-Петербург жана Ленинград облусу тарыхый жактан экономиканын негизги тармактарында эмгектенген кыргызстандыктарды өзүнө тарткан ири борбор болуп саналат. Мекендештерди коргоо жана алардын укуктук адаптациясы өкүлчүлүктүн негизги милдетине айланган.
Сатвалдиевдин түздөн-түз катышуусу менен кыргызстандыктардын регионалдык Улуттук-маданий автономиясы түзүлүп жана катталып, ага бийлик органдары менен диалогдо легитимдүү статус берди. Мындан тышкары, өкүлчүлүк Санкт-Петербург шаарында КР Генералдык консулдугун ачуу демилгесин системалуу түрдө илгерилетип, 2023-жылдын 1-сентябрында ишин баштады жана бүткүл Түндүк-Батыш федералдык округундагы мекендештерди документтер үчүн Москвага баруу зарылчылыгынан бошотту.
2020-жылдын жаз айларындагы COVID-19 пандемиясынын туу чокусу өзгөчө сыноо болду. Нурбек Сатвалдиев жеке өзү жетектеген чукул даярдалган бирдиктүү ыкчам штаб кеңири масштабдагы кризиске каршы иштерди жайылтты: күнү-түнү иштеген ишеним телефонун ачты; миңдеген муктаж үй-бүлөлөрдү азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыздоону уюштурду;
«Пулково» аэропортунда калып калган жарандарды камкордукка алып, аларды ысык тамак, турак жай жана укуктук колдоо менен камсыздады; мекендештерди жайгаштыруу жана жумушка орноштуруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып барды.
Ошол эле мезгилде петербургдук кыргызстандыктар мекениндеги медицинаны колдоо үчүн КР Финансы министерствосунун атайын эсебине каражат которушкан. Бүгүнкү күндө Таврический сарайы Жогорку Кеңештин депутаттарынын диаспора менен үзгүлтүксүз жолугушуулары үчүн аянтча катары кызмат кылат. Калинин районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверде жыл сайын өткөрүлүүчү ишембиликтер да жакшы салтка айланды.
Кыргызстандын уулдарынын ысымын түбөлүккө калтыруу
ªкүлчүлүктүн масштабдуу күч-аракетинин аркасында
Санкт-Петербургда кыргыз маданиятынын пантеону түзүлдү:
Репин атындагы Сүрөт тартуу, скульптура жана архитектура институтунда СССРдин эл артисти, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун бюсту ачылды;
Кино жана телевидение институтунда режиссёр Төлөмүш Океевдин бюсту орнотулуп, ошондой эле биринчи кыргыз көркөм тасмасы «Салтанаттын» (1955-ж.) санариптештирилген көчүрмөсү кайтарылды;
Мариин театрына чебер Аскар Турусбековдун эмгеги — легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин бюсту тапшырылды;
Россия улуттук китепканасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду;
Таврический сарайында кыргыз дипломатиясынын жана мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү — Тилекмат Жылкыайдар уулунун, акылман Кыдыр акенин скульптуралык портреттери ачылды.
Жаштар вектору жана «Шериктештик балдары» формуласы
2012-жылы Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясы (КМШ ЖПА) түзүлүп, ал жаш мыйзам чыгаруучулардын жана коомдук кыймылдардын лидерлеринин устаканасына айланды.
2013-жылы Чолпон-Атада башталган «Шериктештик балдары» эл аралык форуму өттү. Андан бери форум Шериктештиктеги 10 мамлекеттен 800гө жакын мектеп окуучусун бириктирди. Н.Сатвалдиев баса белгилегендей, бул долбоор принциптүү түрдө саясаттан тышкары — бул достуктун жана маданий диалогдун аймагы. Мындан сырткары, жекшемби күндөрү КМШ ПАнын Парламенттик борборунда диаспоранын балдары үчүн эне тили жана Кыргызстан тарыхы боюнча сабактар өткөрүлүп, муундардын мекен менен болгон байланышы сакталууда.
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык
2012-жылдан тарта адабият жана гуманитардык тармактагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн Кыргызстан парламенти тарабынан уюштурулган Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПА сыйлыгы жыл сайын ыйгарылып келет. Ар кайсы жылдары Шериктештик өлкөлөрүнүн калем чеберлери анын лауреаттары болушту. Айтматовдун мурасы бүгүнкү күнү да интеграциянын руханий компасы бойдон калууда.
Ишеним дипломатиясынын формуласы
Кыргызстандын парламенттер аралык кызматташтыгынын отуз жылдык жолу парламенттик дипломатия аймактык туруктуулуктун негизги институтуна айланганын ырастайт.
Жогорку Кеңештин КМШ ПА жана ЖККУ ПАдагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тажрыйбасы тышкы саясаттагы үч нерсеге таянаарын аныктап келет: Кесипкөй норма жаратууга жана дыкат текшерилген укуктук экспертизага; Мекендештерге болгон реалдуу камкордукка (консулдук кызматтан тартып кризистик жардамга чейин); Маданий кодду жана жалпы эс-тутумду сактоого;
Нурбек Сатвалдиев өзүнүн турмуштук кредосун төмөндөгүчө туюндурду: «Дүйнөгө пайда алып келүү — бактылуу болуунун бирден-бир жолу. Жыйынтык чыгарып жатып, парламенттик диалогго көмөктөшкөн чоң көлөмдөгү иштер аткарылды деп айта алам. Пландарда — тышкы саясий багытты, өзгөчө парламенттер аралык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү бар».
Таврический сарайы эгемендүү Кыргызстандын кызыкчылыктарына жана элдер ортосундагы достукту чыңдоого ишенимдүү кызмат кылууну улантууда.
Рахат БЕЙСЕБАЕВ



