Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Венгрия тараптан белекке берилген китептерди тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Ш. Мадаминов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Андрей Букай, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директорунун орун басары Абдилашим уулу А., ошондой эле китептердин Кыргызстанга жеткирилишине жана музейге өткөрүлүп берилишине көмөк көрсөткөн Асель Калканова катышты.
Венгрия тараптан белекке берилген басылмалар Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин китепкана фондун толуктайт. Китептерди музейдин илимий-изилдөө иштеринде пайдалануу, ошондой эле маданий жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү пландалууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий жана гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Катышуучулар мындай демилгелер маданият, илим жана билим берүү тармактарындагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи Венгрия тарапка баалуу белеги үчүн ыраазычылык билдирип, тарыхый-маданий мурасты сактоого жана жайылтууга көрсөтүлүп жаткан колдоонун маанилүүлүгүн белгилейт.




